Study

тапшырма суроо 8-кл физ ток ...

  •   0%
  •  0     0     0

  • Электр тогунун багыты менен электрондордун кыймылынын багыты кандайча айырмаланат?
    Электрондор минустан плюс тарапка кыймылдайт, ал эми токтун багыты плюстан минуска деп кабыл алынат.
  • Электр тогу деген эмне?
    Электр тогу – заряддалган бөлүкчөлөрдүн (электрондордун) белгилүү багытта кыймылы.
  • Ток күчү чоң болгондо амперметрдин көрсөткүчү кандай өзгөрөт?
    Амперметрдин көрсөткүчү жогорулайт.
  • Ток күчү кандай өлчөнөт?
    Ток күчү ампер менен өлчөнөт.
  • Электрдик чыңалуу кандай бирдикте өлчөнөт?
    Вольт менен өлчөнөт.
  • Электр тогунун пайда болушу үчүн кандай шарт керек?
    Электр талаасы жана заряддардын багытталган кыймылы болушу керек.
  • Вольтметрди чынжырга кантип туташтырабыз?
    Вольтметрди чынжырга параллелдүү туташтырабыз.
  • Вольтметрди туура эмес туташтырса эмне болот?
    Прибор иштебей калат же бузулушу мүмкүн.
  • Ток күчү менен чыңалуунун ортосунда кандай байланыш бар?
    Ом мыйзамы боюнча: 𝐼 = 𝑈\ 𝑅 .
  • Электр тогунун булагы катары көбүнчө эмне колдонулат?
    Батарея же генератор.
  • Электрдик чыңалуу деген эмне?
    Электрдик чыңалуу – электр талаасы зарядды жылдыруу үчүн аткарган иштин өлчөмү.
  • Электр тогунун багыты кандай деп кабыл алынат?
    Электр тогунун багыты – оң заряддын кыймылынын багыты деп кабыл алынат (плюстан минуска).
  • Ток күчүн өлчөөчү прибордун аты кандай?
    Амперметр.
  • Амперметрди чынжырга кантип туташтырабыз?
    Амперметрди чынжырга түздөн-түз (последовательно) туташтырабыз.
  • Электрдик чыңалууну өлчөөчү прибордун аты кандай?
    Вольтметр.