Edit Game
Электр тогу. Электр чынжыр ...
 Delete

Use commas to add multiple tags

 Private  Unlisted  Public



 Save

Delimiter between question and answer:

Tips:

  • No column headers.
  • Each line maps to a question.
  • If the delimiter is used in a question, the question should be surrounded by double quotes: "My, question","My, answer"
  • The first answer in the multiple choice question must be the correct answer.






 Save   20  Close
Электр тогунун пайдасы эмнеде?
Жарык берүү, техника иштетүү, турмушту жеңилдетүү.
Электр энергиясын колдонууда эмнеге этият болуу керек?
Электр тогу адамга коркунучтуу, коопсуздук эрежелерин сактоо керек.
Эмне үчүн зымдардын сырты резина менен капталат?
Коопсуздук үчүн, ток уруп кетпеши үчүн.
Лампочка эмне үчүн күйөт?
Анткени жабык чынжырда электр тогу өтөт.
Өчүргүчтүн милдети кандай?
Электр чынжырын ачып же жаап туруу.
Ачык электр чынжыры деген эмне?
Чынжыр үзүлгөндө ток өтпөйт, мындай чынжыр ачык чынжыр деп аталат.
Жабык электр чынжыры деген эмне?
Бардык бөлүктөр туташып, ток эркин өтө алган чынжыр жабык чынжыр деп аталат.
Электр чынжыры кандай бөлүктөрдөн турат?
Ток булагы, өткөргүч зымдар, керектөөчү, өчүргүч.
Электр чынжыры деген эмне?
Электр тогу өтө турган түзүлүштөрдүн бирикмеси электр чынжыры деп аталат.
Изоляторлорго мисал келтиргиле.
Резина, пластмасса, айнек, кургак жыгач.
Изолятор деген эмне?
Электр тогун өткөрбөгөн зат изолятор деп аталат.
Кандай заттар өткөргүч болуп эсептелет?
Металдар: жез, алюминий, темир.
Өткөргүч деген эмне?
Электр тогун жакшы өткөргөн зат өткөргүч деп аталат.
Электр керектөөчүлөргө мисалдар.
Лампочка, телевизор, үтүк, телефон заряддагыч.
Электр керектөөчү деген эмне?
Электр энергиясын пайдаланып иштеген түзүлүш керектөөчү деп аталат.
Электр тогунун булактарына мисал келтиргиле.
Батарейка, аккумулятор, генератор.
Электр тогунун булагы деген эмне?
Электр тогунун булагы – электр энергиясын пайда кылган түзүлүш.
Электр тогунун багыты кандай деп кабыл алынган?
Электр тогунун багыты оң заряддан терс зарядга карай деп кабыл алынган.
Электр тогу кайсы шартта пайда болот?
Электр тогу пайда болушу үчүн ток булагы жана жабык чынжыр болушу керек.
Электр тогу деген эмне?
Электр тогу – бул заряддалган бөлүкчөлөрдүн (электрондордун) өткөргүчтүн ичинде тартиптүү кыймылы.