Game Preview

информатика 9- класс матри� ...

  •  Kyrgyz    20     Public
    матрица питон тилингде
  •   Study   Slideshow
  • Матрица деген эмне?
    Матрица — катарлардан жана тилкелерден турган таблица түрүндөгү маалымат түзүмү.
  •  15
  • Pythonде матрица кандай маалымат түзүмү менен иштелет?
    Pythonде матрица 2D массив, башкача айтканда тизмелердин ичинде тизмелер аркылуу иштелет.
  •  15
  • 2D массив деген эмне?
    2D массив — бир нече катардан турган массив, ар бир катар өзүнчө тизме болуп эсептелет.
  •  15
  • Матрицаны Pythonде кантип түзөбүз?
    matrix = [[1,2,3],[4,5,6]]
  •  15
  • Матрицанын элементине кантип кайрылабыз?
    Индекс аркылуу: matrix[катар][тилке]
  •  15
  • matrix[2][1] эмнени билдирет?
    3-катардагы 2-тилкедеги элементти билдирет (индекс 0дон башталат).
  •  15
  • Матрицаны экранга кантип чыгарабыз?
    Эки цикл колдонуп, катар жана элементтер аркылуу чыгарабыз.
  •  15
  • Матрицанын катарларын чыгаруу үчүн кайсы цикл колдонулат?
    Тышкы for цикли.
  •  15
  • Матрицалык операциялар деп эмнени түшүнөбүз?
    Матрицадагы элементтер менен аткарылган эсептөөлөр (сумма, орточо, max/min).
  •  15
  • Катардын орточо мааниси кантип табылат?
    Катардын суммасын элементтердин санына бөлүү менен.
  •  15
  • Орточо маанини табууда кайсы функциялар колдонулат?
    sum() жана len() функциялары.
  •  15
  • Тилке боюнча сумма табуу үчүн эмне үчүн эки цикл керек?
    Бир цикл тилкелерди, экинчиси катарларды карап чыгуу үчүн керек.
  •  15
  • Матрицанын максимал элементи деген эмне?
    Матрицадагы эң чоң сан.
  •  15
  • Максимал элементти кантип табабыз?
    Бардык элементтерди салыштырып, эң чоңун сактоо менен.
  •  15
  • Негизги диагональ деген эмне?
    Матрицанын сол жогору бурчтан оң ылдый бурчка кеткен элементтери [i][i].
  •  15
  • Кошумча диагональ деген эмне?
    Жооп: Матрицанын оң жогору бурчтан сол ылдый бурчка кеткен элементтери [i][n-1-i].
  •  15